Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

"Яблоко" президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөттү


Григорий Явлинский "Яблоко" партиясынын курултайында сөз сүйлөөдө. 28-февраль, 2016.
Григорий Явлинский "Яблоко" партиясынын курултайында сөз сүйлөөдө. 28-февраль, 2016.

Орусияда "Яблоко" партиясы жекшембидеги курултайында 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого Григорий Явлинскийдин талапкерлигин көрсөттү. Анын алдында курултайда сүйлөгөн көз карандысыз саясатчылар Владимир Рыжков менен Дмитрий Гудков Явлинскийди алдыдагы президенттик шайлоого демократиялык күчтөрдүн бирдиктүү талапкери катары алып чыгууну сунуштаган.

Рыжков өз сөзүндө Явлинский демократия баалуулуктарына берилгенин өз ишмердиги менен далилдегенин белгиледи. Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Гудков да президенттик шайлоодо Явлинскийдин талапкерлигин колдоого даярдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG