Минскинин борборунда бүгүн негизинен чакан бизнес менен шугулданган ишкерлер митингге чыкты. "Азаттыктын" беларус кызматынын кабарына караганда, ага 500 чакты ишкер катышты. Митингден кийин ага катышкандардын бир бөлүгү - 300 чакты адам өкмөт үйүн көздөй жүрүш жасады. Митингге жана бул жүрүшкө полиция көз салып турду. Нааразылык акция уруксатсыз өткөнүнө карабай, полиция тараптан ага каршы аракет жана кармоолор болгон жок.
Бул акцияга беларус президентинин быйыл 1-январдан тарта күчүнө кирген "Ишкердикти тескөө жана жеке ишкерлердин товарларын реализациялоо тууралуу" жардыгы себеп болду. Бул жардык жеке ишкерлер реализациялаган бардык товарлар тиешелүү документтер менен коштолуусун талап кылат. Маселен, чакан ишканаларда өндүрүлгөн продукцияларга анын сапатына кепилдик берген күбөлүк алыш керек болот. Ишкерлер мындай күбөлүктүн кымбаттыгына жана ага бир канча жума убакыт кетерине даттанууда.
Митингчилер кийинки акция 14-мартка белгиленгенин билдиришти.