Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Шаардык сот кримтөбөл “Сакал” боюнча ишти карайт


Бишкек шаардык сотунда бүгүн уюшкан кылмыштуу топ лидерлеринин бири, “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасы боюнча иш каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакытбек Жумашев билдирди.

13-февралда Биринчи Май райондук соту Токтосуновду 14-мартка чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бирок адвокаты каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган.

38 жаштагы Улан Токтосунов буга чейин үч ирет соттолгон. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген Дамир Сапарбековдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөөгө алынган.

Былтыр милицияга өзү келген. Алгач Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, кийин соттун чечими менен аны Нарындагы №4 тергөө абагына которушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG