Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кургак учук менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары талкууланууда


Кыргызстанда кургак учукту токтотуу, анын жайылышына жол бербөө максатында жаңы ыкмалар киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Бүгүн маселе Жалал-Абад шаарында атайын жыйында талкууланганы жатат. Негизги көңүл дартты аныктоо жана дарылоо кандай жүрүп жатканына бурулууда.

Соңку кезде эл аралык уюмдардын кеңеши менен Кыргызстанда кургак учукка чалдыккандарды ооруканада эмес, амбулатордук негизде дарылоого өткөргөн учурлар көбөйө баштаганын адистер айтууда. Доктурлардын белгилешинче, мындай ыкма бейтаптарды кадимки жашоодон чектебей, дарылануусун жеңилдетет. Албетте, үйүнөн дарылануу укугу жөтөлү жугуштуу эместерге гана берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын өлкөдө кургак учук жуктуруп алган 5 миңдей адам каттоого алынууда. (RK)

XS
SM
MD
LG