Мамлекеттик салык кызматынын бир катар жетекчилери орун которушту. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Кызматтык орун которуштуруу мекеме ичинде коррупцияга жол бербөө жана иштин натыйжасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, Бишкектин Свердлов, Октябрь, Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата, Таластын Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунда жетекчилер, айрымдарында орун басарлары алмашты.
Өткөн аптада салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маалында салыкчылардын тең жарымынын үй-жайы жок экенин, 7 миң сомдон айлык алышарын билдирген.
Анткен менен, салык кызматкерлеринин көбү башка бирөөлөрдүн атына катталган кымбат баа унаа минишет, келишкен үйлөрдө жашашат. (КЕ)