Жалпы аянты тогуз гектар болгон полигондун тегереги тосулбай, кайтаргандар да жок.
Ооруканадан чыккан таштанды
Жалал-Абад шаарынын таштандыларды төгүүчү полигону 2009-жылы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн.

1
Жайыттан берилген таштанды төгүүчү жайда жакынкы Таш-Булак, Барпы айыл өкмөттөрүнүн малы кээ бир учурларда жайылып кетет экен.

2
Полигондо санитардык-эпидемиологиялык абал өтө начар жана адам өмүрүнө коркунучтуу жагдайлар да түзүлгөн десе болот.

3
Жалал-Абаддын таштанды жайында шаардын ооруканаларынан чыккан зыяндуу калдыктар да төгүлөт экен.

4

5
Норма боюнча ооруканалардан чыккан таштанды калдыктары атайын түзүлгөн полигонго төгүлүшү шарт.

6

7

8

9
Бул таштандыларда ар кандай операциядан чыккан калдыктар, шприц, бинт жана башка доктурлардын колдонуудан чыккан буюмдары болушу толук ыктымал.

10
Бул калдыктарды атайы жайда акиташ жана башка химиялык жолдор менен айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей жок кылышы шарт.

11

12

13