Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Жалал-Абад: шаардык прокуратура имаратындагы өрт боюнча тергөө башталды


Бул тууралуу облус прокурорунун орун басары Сүйүнбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Азыр кырсык болгон жерде экотехинспекция, өрт өчүрүү кызматы жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Өрт имараттын чатырынан чыккан деген күмөндөр да айтылууда. Мындан сырткары атайылап өрттөлгөн деген сөздөр да териштирилүүдө. Прокуратура канчалык зыян тартканы азырынча айтыла элек.

27-февралда түнкү саат 1:30 чамасында шаардык прокуратуранын имаратынан өрт чыгып, натыйжада 450 чарчы метри, чатыр, шып, эмеректер жана кагаздардын бир бөлүгү күйүп кеткен. Мекеменин кызматкерлери учурда анын жанындагы эски имаратка көчүп жатышат.

Шаардык прокуратура жайгашкан бул имарат мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык “Салы Ата” фирмасынын кеңсеси болгон. 2010-жылы Бакиевдин мүлктөрү улутташтырылгандан кийин шаардык прокуратура ал имаратка көчүп кирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG