Апрель окуясы боюнча сот эртеңкиге жылдырылды. Ага мурдагы коргоо министри, соттолуучулардын бири Бактыбек Калыевдин адвокаты келбей калганы себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Эртең улана турган соттук териштирүүдө алгач жабырлануучулар, прокуратура, андан кийин соттолуучулар жарыш сөзгө чыгышат. Анда видеолор көрсөтүлөт. Иш республикалык аскер сотунда каралууда.
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт кеткен. Апрель окуясы боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталган. 2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон. (КЕ)