Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Абактан качкан жаран боюнча милиция кызматкерлери кармалды


Каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турган Азатбек Алымкуловдун качып кетиши боюнча айыпталуучуну кайтарган эки милиция кызматкери камакка алынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан ырасташты.

Жаза аткаруу кызматынан билдиришкендей, айыпталуучуну тергөө иштерине байланыштуу Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун милициясы 26-февралда күндүзгү саат 11де алып кеткен. Алар кечки саат 10до Алымкуловду жоготуп алгандарын кабарлашкан. Учурда ИИМ аны издөө иштерин улантууда.

Маалыматка караганда, Алымкулов буга чейин да бир нече жолу соттолгон. Ал өткөн жылы май айында Аламүдүндөгү “Бишкек Петролеум” май куюучу жайын тоноого шектелип кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG