Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Пакистанда губернаторду тындым кылган адам өлүм жазасына тартылды


Пакистандык жарандык активисттер маркум Салман Тасирди эскеришүүдө. 4-январь, 2016-жыл.
Пакистандык жарандык активисттер маркум Салман Тасирди эскеришүүдө. 4-январь, 2016-жыл.

Мумтаз Кадриге берилген өлүм жазасы бүгүн Равалпинди шаарында аткарылды.

Кадри 2011-жылы Пенжаб провинциясынын губернатору, исламга акарат келтирди дегендер үчүн мыйзамда каралган катаал чараларды өзгөртүүгө чакырган Салман Тасирди өлтүргөнү үчүн күнөлүү деп табылган.

Реформачы губернатордун жан сакчысы болуп иштеген Мумтаз Кадри Салман Тасирди Исламабаддын базарында эл көзүнчө 28 ирет атып өлтүргөн. Муну ал губернатордун исламга акарат келтиргендер үчүн чыгарылган мыйзамды өзгөртүүгө үндөгөнү үчүн чыккандыгынан улам жасаганын моюнга алган.

Пакистандык исламчылардын бир бөлүгү Кадринин кадамын баатырдык катары кабыл алышкан.

Ага өлүм жазасын берген сот дагы кийинчерээк өз коопсуздугунан чочулап, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG