Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Нарындагы Борбор Азия университети алгачкы студенттерин кабыл ала баштады


Нарындагы Борбор Азия университети.
Нарындагы Борбор Азия университети.

2016 - 2017-окуу жылга Борбор Азия университетине окууну каалагандар үчүн арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нисар Кешвани билдирди. Арыздар ушул жылдын 18-мартына чейин кабыл алынат. Ал эми тапшыруу экзамени 3-апрелде болот.

Борбор Азия университети "Информатика" жана "Коммуникация жана жалпыга маалымдоо каражаттары" адистиги боюнча ушул жылга 70 студентти кабыл алат. Аларды окутуу үчүн Борбор Азиядагы тажрыйбалуу делген 8 окутуучу келет жана алардын 90 пайызы профессорлор. Окуу үчүн бир жылдык төлөм 5000 доллар, ал эми кампуста жатып окуу үчүн студент дагы 3000 доллар төлөйт. Алгач 70 студентке ылайыкталган окуу жай элдин талабына ылайык 1200 орунга чейин кеңейтилиши мүмкүн.(MiK)

XS
SM
MD
LG