Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Македон полициясы чек арада мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен тосту


Идомени чек ара бекетиндеги кагылыш. 29-февраль, 2016-жыл.
Идомени чек ара бекетиндеги кагылыш. 29-февраль, 2016-жыл.

Көздөн жаш агызуучу газ жана тарсылдык гранаталар Греция тараптан келген жүздөгөн мигранттар чек арадагы өткөөл бекеттин дарбазасын күч менен бузуп кирүүгө аракеттенгенде колдонулду. “Чек араны ач” деп кыйкырган мигранттар македон полиция кызматкерлерине да таш ыргытышты.

Грек бийликтеринин маалыматына караганда, Македония, Сербия, Австрия чек арада киргизген чектөөлөргө байланыштуу учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарында 22 миңден ашуун мигрант камалып турат. Алардын 6500ден ашууну бүгүн көздөн жаш агызуучу газ колдонулган, тамак-аш жана башпаанектөөчү жай жетишсиз Идомени чек ара бекетинде сегиз күндөн бери отурушкан.

Македон бийликтери бүгүн таңда алардын ичинен 300дөй сириялык качкынга гана чек арадан өтүүгө мүмкүндүк берди.

Миграция боюнча Эл аралык уюм өткөн аптада билдиргендей, быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан өткөн качкындар менен мигранттардын саны 110 миңден ашты. Булардын 97 миңи Грециянын аралдарына келип түшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG