Кыргыз футбол федерациясынын басма сөз өкүлү Наталья Угрюмова Франс пресс агенттигинин Бишкектеги кабарчысына британ парламентинин депутаты Дамиан Коллинстин сөздөрүн “негизсиз” деп айтты.
Британиянын Консервативдик партиясынан депутат, ФИФАны реформалоо боюнча өнөктүк жүргүзүп келген Дамиан Коллинс дүйнөлүк футбол уюмунун президенттигине талапкер болгон Шейх Салман бин Ибрагим ал-Халифа 2013-жылы Азия футбол конфедерациясынын президенттиги үчүн шайлоодо Кыргызстандын футбол федерациясына пара берген деп шек саноого “бекем негиздер бар” деп билдирген.
Британ депутатынын шайлоого эки күн калганда айткан бул сөздөрүн өткөн аптада айрым британ гезиттери басып чыккан.
Кыргызстандын футбол федерациясынын өкүлү Наталья Угрюмова мындай маалыматтардын тарашы шайлоо алдында ал-Халифанын талапкерлигин каралоо аракети болгону менен байланыштырат.
Мыйзамсыз иштерге барбаганын мурадараак шейх Салман ал-Халифа өзү дагы билдирген.
Ал өткөн жума күнү ФИФА президентин шайлоонун экинчи айлампасында УЕФАнын баш катчысы Жанни Инфантиного (Gianni Infantino) уттурду.
Экинчи айлампада ФИФАдагы 209 добуштун 115ин Жанни Инфантино, Салман ал-Халифа 88 добуш алды. (UE)