Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Мамлекеттик ипотекага байланыштуу парламенттик угуу өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик ипотекага байланыштуу парламенттик угуу өтөт. Талкууга өкмөттүн былтыр жайында демилгелеген “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” жана “Күрөө жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү тууралуу” мыйзам долбоорлор коюлганы жатат.

Кыргыз өкмөтү быйылтан тарта бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн мамлекеттик ипотеканы киргизүүнү чечти. Бул үчүн Социалдык фонд топтогон акчанын бир бөлүгүнө баалуу кагаз сатып алуу каралууда.

Бүгүнкү парламенттик угууга өкмөт өкүлдөрү, эксперттер катышат. Ипотекалык облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү механизмдери, бул боюнча дүйнөлүк тажрыйба, депозитарийдин ролу тууралуу сөз болот. (RK)

XS
SM
MD
LG