Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Саясий партиялардын каржысын көзөмөлгө алуу сунушталууда


Парламент шайлоодогу партиялардын үгүт баннери.
Парламент шайлоодогу партиялардын үгүт баннери.

Кыргызстанда саясий партиялардын каржылык иштерин көзөмөлгө алуу сунушталууда. Кечээ Жогорку Кеңештин сот-укук комитетинде эл аралык уюмдардын көмөгү менен талкуу уюштурулуп, анда «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга жана административдик жоопкерчилик боюнча кодекске өзгөртүүлөр талкууланды. Көзөмөл жүргүзүү укугун Борбордук шайлоо комиссиясына берүү каралууда.

Депутат Исхак Масалиев Боршайком мындай көзөмөлдү шайлоо маалында гана жүргүзүүгө укуктуу экенин айтып, партиялар каржы-чарбалык отчетторун ички жыйындарда дайыма эле берип келатканын кошумчалады.

Ал эми көз каранды эмес юрист Эрик Ирискулбеков мыйзамда жарандар каалаган партиясына өз ыктыяры менен каржылык жардамын берүүгө укуктуу экени жазылганын, бирок бул процедураны ишке ашыруу жолу так аныкталбаганын айтты.

“Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. 29-февралдагы талкуунун соңунда жаңы мыйзам керектиги белгиленди. Тармактык комитетте тиешелүү долбоор экинчи окууда каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG