Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын жумушчулары нааразылык акцияга чыгышты


"Кыргызнефтегаз" ишканасынын жумушчулары митингге чыкты. 2016-жыл, 1-март.
"Кыргызнефтегаз" ишканасынын жумушчулары митингге чыкты. 2016-жыл, 1-март.

Мекеменин короосунда бүгүн жумуш орундарынын кыскарышы жана кээ бир аткаминерлер тарабынан тосколдуктар жаралып жатканын билдиришип, кызматкерлер нааразылык митинг өткөрүүдө. Алар мунайгаз мекемеси бул айдан тартып жумушчуларына толук маяна бере албай 30% кыскартууларга барып жатканын билдиришүүдө. Мындан сырткары өндүрүлгөн мазут сатылбай, салыкка жана соцфондго болгон төлөмдөргө карыз көбөйүп кеткен. Ошол себептүү мекеменин айрым техникаларына арест коюла баштаган. Бул багытта жумушчулар президенттен жана өкмөт башчыдан жумуш орундарын сактап калуу үчүн жардам сурашууда.

Мекемеде жалпы 2500 кызматкер эмгектенип, быйылкы жылы 80 миң тонна мунай өндүрүлгөн. Ал эми газ өндүрүү 31 миллион кубметрге жетип, соңку беш жылда ишкананын кирешеси 6 эсеге өскөн. Учурда "Кыргызмунайгаз" жылына мамлекеттик төлөмдөргө 720 миллион сом каражат бөлөт. Ошондой эле мекеме Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын "көгүлтүр от" менен камсыздайт.(RsK)

XS
SM
MD
LG