1-марттан тартып Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүгө конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги маалымдады. Комиссия сынакка катышуунун баштапкы төлөмүн 15 миллион сом деп бекитти. Мындан сырткары катышуучулар геологиялык маалыматтар үчүн 2 миллион 300 миң сом, катышуучулардын кепилдик төлөмүнө 76 миллион сом төлөө талабы коюлган. Сынакка катышууну каалаган компаниялар 15-апрелге чейин документтерин тапшырышы зарыл.
Экономика министрлигинен билдиргендей, конкурстун негизги шарты боюнча 431 миллион тонна көмүрү бар Кара-Кече кени концессияга берилип, инвестчи Кара-Кече Жылуулук борборун жана Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу милдетин алыш керек. Инвестчилерге коюлчу негизги талаптардын бири экологиялык коопсуздукту камсыздоо. (КЕ)