Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Апрель соту: Суталинов менен Дунгановду камакка алуу өтүнүчү айтылды


Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. 7-апрель, 2013-жыл
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. 7-апрель, 2013-жыл

Бүгүн Республикалык аскер соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги апаат боюнча ишти кароону улантты. Анда мамлекеттик айыптоочулар соттолуучу Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн келтирип, аты аталган адамдардын 20-25 жылга эркинен ажыратылганын белгилешти. Судья Нурлан Ашимбек уулу мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү келерки отурумда караларын билдирди.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт болгон. Апрель апааты боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталып, 2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон.

20 жылга эркинен ажыратылган ошол кездеги УКМК башчысы Мурат Суталинов менен 25 жылга эркинен ажыратылган мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов ден соолугунан улам үй камагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG