Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Атантаев: Көчө автожарышын уюштургандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат


Бишкектеги автожарыштарга каршы нааразылык.
Бишкектеги автожарыштарга каршы нааразылык.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын атайын батальонунун командири Эрлан Атантаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин жолду бууп жарыш уюштургандар же үйлөнүү-үлпөт тойлордо кортеж уюштуруп, башкаларга тоскоол болгондорго миң сомдон баштап административдик жаза салынып келген.

-Бизге бул багытта арыз, даттануулар көп түшүп жатат. Ошондуктан үлпөт тойдо жарыштарды уюштуруп, кортежде белине чейин чыгып алгандар 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул төлөшөт. Ошондой эле өзүм билемдик менен уруксаты жок жолду бууп, мыйзамсыз автожарышты уюштургандарга “Автошылуундук" беренеси боюнча иш козголот.

Өткөн аптада Бишкектин жогору жагындагы Түштүк магистраль менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишине 50 чакты жарандык активисттер көчө автожарышына каршы пикирин билдирип митингге чыгышкан. Алар маал-маалы менен уюштурулган автожарыш жашоочулардын тынчын алып жатканын айтышкан. Акциянын катышуучулары өткөн айда кырсыктан бир киши каза болгонун, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү Бишкек мэриясынан өтүнүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG