Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

1-октябрдан тартып пенсия 10% көбөйүшү мүмкүн


Кутман карылар.
Кутман карылар.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу» жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абылгазиевдин белгилешинче, пенсияны жогорулатууга 8 544 60 миң сом көлөмүндө каражат каралган. Мунун эсебинен 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү 10-11 пайызга көбөйтүү каралууда. Мындан сырткары майыптардын пенсиясын жашоо минимумуна чейин жеткирүү пландалууда.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда бир айга керектелүүчү каражат (жашоо минимуму) пенсионерлер үчүн кеминде 4822 сом, жалпы калк үчүн 5387 сом. (КЕ)

XS
SM
MD
LG