Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:13

Кыргызстанда жаңы партия түптөлдү


Кыргызстанда 200 ашуун партия катталган.
Кыргызстанда 200 ашуун партия катталган.

Кыргызстанда жаш либералдардан турган “Демократ” саясий партиясы түзүлдү. Анын курамын буга чейин саясатка аралашпаган, ар кайсы кесиптин ээлери толуктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын тең төрагасы Эсенкул Момункулов билдирди. Жакында эле каттоодон өткөн партия мүчөлөрү учурда ар кайсы региондо эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Партия негизинен коррупциясыз, бюрократиясыз жашоону, иштин натыйжалуулугун арттырып, жеңилдетүү жолдорун сунуштоодо.

Партиянын дагы бир тең төрагасы Азамат Акелеев мурда ушундай эле идеялар менен бириккен “Реформа” партиясынын мүчөсү болчу. “Реформа” былтыр парламенттик шайлоодо “Республика Ата-Журт” партиясын колдоп чыккан.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200 ашуун саясый партия бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG