Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Мохакик: согушкерлер Ооганстандан Борбор Азияга өтүүгө камынууда


Мухаммед Мохакик.
Мухаммед Мохакик.

Ооганстан өкмөтүнүн жогору мартабалуу өкүлү Мухаммед Мохакик мамлекет чыгышындагы тоолуу аймактарга согушкерлер жайгашып алганын, алар жазында Борбор Азияга өтүүгө камынып жатканын эскертти. Бул тууралуу ал afghanistan.ru маалымат сайтына билдирген.

Анын айтымында, Пакистандын Кабилалар деген жеринде жайгашкан лагерлерде даярдыктан өткөн жоочулар азыр Ооганстандын Фаряб, Бадахшан, Баглан жана Кундуз облустарындагы тоолуу аймактардан орун алган.

-Алардын максаты - тынч эмес жашоону эми Борбор Азия мамлекеттерине көчүрүү. Ушул максатта аталган чөлкөмгө кирүүгө аракет кылып жатышат,- дейт Мухммед Мохакик.

Ал ооган полициясы менен армиясынын алсыздыгынан согушкерлер пайдаланып жатканын кошумчалап, жоочулар миллион кишини курал менен камсыздай аларын, андан соң ооган элине каршы согуш башташы мүмкүн экенинен чочуп жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG