Каракол шаарынын бир катар жеке дарыкана ээлери ири ишканалар монополисттик абалынан пайдаланып дары базарын ээлеп жатканына нааразы экенин “Азаттыкка” билдиришти.
Алар чоң фирмалардын жетекчилери бир топ жерде дарыкана ачып, кардарларды тартып алышканына нааразы. Жеке дарыкана ээлери ири монополист ишканалардын ишмердиги боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алууну өтүнүп бийликке кайрылуу жасашарын белгилешти. (AsM)