Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

“Кыргызнефтегаз” жумушчулары депутат Момбековду сотко беришет


Кочкор-Ата шаарчасы.
Кочкор-Ата шаарчасы.

Мындай чечим бүгүнкү митингдин жыйынтыгында кабыл алынды. Чогулгандар өкмөт башчы менен президентке жолдогон кайрылууларында негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу, сатып алууларды ортомчусуз түз сатып алууну камсыздоо жана өкмөткө туура эмес маалыматарды жеткирген мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Мурадил Жумадилде уулун кызматтан алууну талап кылышты. Кайрылууга мекеменин 2 миңден ашуун жумушчулары кол койгон.

Мындан сырткары ушул жылдын 25-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы коррупциялык иштерге токтолуп, каржы полициясы 1 миллиард сом зыян боюнча иш козгогонун билдирген. Бул маселени жалпы жыйынга алып чыгууну демилгелеген. Депутат “Азаттыкка” берген маегинде расмий органдардан алган далил фактылар бар экенин, мекеме менен соттошууга даярдыгын айткан. Мындан сырткары жумушчулар Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылышарын билдирди.

Жалал-Абадда “Кыргызнефтегаз” мекемесинин алдында жумуш орундарынын кыскарышы жана кээ бир аткаминерлер тарабынан тосколдуктар жаралып жатканын билдиришип жумушчулар нааразылык митинг өткөрүштү. (RsK)

XS
SM
MD
LG