Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

АКШда “Супер шейшемби” аттуу шайлоо өтөт


Республикачылар таймашы. Президенттикке талапкерлер Рубио менен Трамп.
Республикачылар таймашы. Президенттикке талапкерлер Рубио менен Трамп.

АКШнын 13 штатында шайлоочулар 1-март күнү “Супер шейшемби” аттуу шайлоого катышат. Бул праймериз добуш берүү быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоого аттанган талапкерлерди аныктоодо маанилүү роль ойнойт.

Демократтар 11 штатта талапкерлер Хиллари Клинтон менен сенатор Берни Сандерс экөөнүн бирин тандашы керек. Ал штаттар – Алабама, Арканзас, Колорадо, Жоржия, Массачусетс, Миннесота, Оклахома, Теннеси, Техас, Вермонт жана Виржиния.

Ал эми республикачылар аталган штаттардан сырткары, Аляска менен Вайоминг штаттарында беш талапкерден бирин тандашат. Алдын ала сурамжылоолорго караганда, республикачылардан президент болууга аттанган Доналд Трамп жеңишке жетиши ыктымал. Андан кийин сенатор Тед Круз баратат. Ошондой эле талапкерлер арасында сенатор Марко Рубио, Огайо штатынын губернатору Жош Кэйсик менен нейрохирург Бен Карсон бар. (SE)

XS
SM
MD
LG