Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Ысык-Көл облус жетекчилери үйлөрүн камсыздандырды


Бүгүн облустун бир катар жетекчилери турак жайларын камсыздандырды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Рысбек Темиралиев билдирди. Маалыматка караганда, дубан жетекчисинин эки орун басары жана Каракол шаарынын мэри камсыздандыруунун толук шартын аткарды.

2016-жылдын 11-февралынан баштап “Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Өкмөттүн токтомуна ылайык, камсыздоо тарифи шаар жергесинде 1200 сом, айыл жеринде 600 сом өлчөмүндө бекитилген. Камсыздандырылган үйлөр кырсыкта зыянга учураса 500 миң сом төлөнүп берилет. (AsM)

XS
SM
MD
LG