Орус бийлиги Коми Республикасындагы “Северная” шахтасында болгон жарылууну шалаакылыктын кесепети эмес, табигый кырсык деп атады.
Түндүк уюлда жайгашкан шахтада 25-февраль күнкү кош жарылуулардан 36 киши мерт кеткен. Алгач жарылуу болгондо төрт киши курман болуп, 26 киши жер астында камалып калган эле. Аларга жардам берүү үчүн түшкөн 6 куткаруучу кийинки жарылууда набыт кеткен. Жер астында калган 26 жумушчу да көз жумган деп болжолдонууда.
Орусиянын тергөө комитети мамлекетте 2010-жылдан берки эң кандуу кырсык деп аталган окуяны териштирүүдө. Учурда жумушчулар эрежелерди канчалык сактаганы иликтенип жатат.
Орусия өкмөт башчысынын орунбасары Аркадий Дворкович 29-февралдагы баяндамасында жарылуу метан газынын абага атылганынан улам болгонун белгиледи.