Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызстанда “Бирдиктүү оппозициялык күч” түзүлдү


Жакында “Бишкек форуму” эксперттик аянтчасында өз ара пикир алмашкан бир катар саясатчылар “Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчүнө” биригүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн таратылган билдирүүдө айтылат. Ага Адахан Мадумаров башында турган “Бишкек форуму”, Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуевдин “Каршылык көрсөтүү кыймылы”, Дүйшөн Сооронбаев төрагалык кылган “Бүтүн Кыргызстан” жана Камчыбек Ташиевдин “Ата-Журт” партиялары кирген. Бул ачык коом экени айтылып, ага өлкөнүн өнүгүшүн жана реформаларды каалаган партиялар кире ала турганы белгиленген. Ошондой эле саясий жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн бийлик бутактарына өзүнүн талаптарын койду.

Анда өкмөт менен бирге Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын отчет берүү, өкмөткө партиялык квотага карабай, кесипкөй адистерди алып келүү, чукул арада Улуттук антикризистик программаны кабыл алуу, күндөлүк керектелүүчү товарларга жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүн токтотуу, талаштуу кен байлыктарды иштетүүгө мораторий жарыялоо жана “Мегакомду” сатпоо, 27-мартка белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону бурмалоосуз, таза өткөрүү сыяктуу жети талап айтылган.

Оппозиция буга чейин бир нече жолу биригүүгө кадам таштап, бирок анын аягы жыйынтык бербей келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG