Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Сердюк: Янукович Украинага кайткысы келет


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Киевге кайтууну көздөйт. Бул үчүн бардык укуктук аракеттер жасалып жатканын анын адвокаты Виктор Сердюк “Азаттык” радиосунун Крым кызматына билдирди.

“Янукович өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырып берген жок. Бийликти Украина Баш мыйзамына одоно түрдө тартып алышкан”, - деди Сердюк.

Виктор Янукович Украинадан 2014-жылдын февралында чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алган. Украина Башкы прокуратурасы ага каршы бир канча кылмыш иштерин ачкан.

Жогорку Рада 2014-жылдын 22-февралында 328 добуш менен Януковичти президенттик тактыдан түшүрүү токтомун колдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG