Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Berolina Cup 2016: Кыргызстан 14 алтын медал алды


Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы Германияда өткөн Berolina Cup 2016 эл аралык мелдешинде 14 алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн команданын улук машыктыруучусу Юрий Захаров “Азаттыкка” билдирди:

- Атаандаштык абдан катуу болду. Биздин балдар мыкты даярдангандыктан жакшы жыйынтыкка жетиштик, ушунча медал утуп алдык.

Мелдеш 27,28-февраль күндөрү Берлин шаарында өтүп, ага дүйнөнүн бир нече өлкөсүнөн 1000ге жакын спортчу катышты. Кыргызстандан 10 жаштан 19 жаштан жогорку куракка чейин 14 суучул катышкан. Жыйынтыгында 14 алтын, 4 күмүш, 6 коло медал тагынышты.

Аталган турнирден кийин кыргызстандык суучулдар Германияда 4-6-мартта International Swim Meeting жайкы олимпиадага жолдомо бериле турган эл аралык мелдешке катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG