Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстан БУУ жыйынында адам укугу боюнча маалымат берди


Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Бириккен Улуттар Уюмунун Женевада өтүп жаткан адам укугу боюнча сессиясына катышып, Кыргызстандагы абал тууралуу маалымат берди. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, негизги көңүл гендердик теңчиликти камсыз кылуу, коомдо үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу жана балдардын укугун коргоо маселелерине арналды.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укугун коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчет берилип турат. Өкмөт бул жаатта соңку жылдары алгылыктуу иштер жасалып жатканын айтууда.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму соңку жылдык отчетунда Кыргызстандагы адам укугунун абалы кескин начарлаганын белгиледи. Айрыкча укук коргоочулар, журналисттер, адвокаттар жана оппозициялык саясатчылар бийликтин куугунтугуна жана кысымына кабылып жатканы айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG