Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Германиянын башкы дипломаты Бишкекке келет


Германиянын Тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер.
Германиянын Тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер.

Германиянын тышкы иштер министри Франк Валтер Штайнмайер ушул айдын аягында Бишкекке келет. Бул тууралуу Кыргызстандагы немис элчилигинен кабарлашты.

Штайнмайер келерки эки жыл аралыгында кызматташуунун негизги багыттарын талкуулаган өкмөт аралык жыйынга катышат.

Немис тараптын маалыматына караганда, соңку жылдары Германия Кыргызстанга жардам катары 50 миллион еврого жакын каражат бөлүүнү убада кылган. Бирок тиешелүү документтер кыргыз парламентинде ратификация боло электигине байланыштуу бул каражат бөлүнө элек.

Кыргыз-немис кызматташтыгы жогорку саясий деңгээлде акыркы жолу 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин Германиядагы сапары учурунда талкууланган. (RK)

XS
SM
MD
LG