Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Самаковдун сотунда күбөлөр суралууда


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Бүгүн Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин кароону улантууда. Ага күбө катары чакырылган Нурлан Асанов залга карап “Бул жерде Жаныш Бакиев эле жетишпейт”, дегени отургандардын нааразылыгын жаратты. Асанов өзүнө кысым жасалып жатканын айтып, сотко катышып отургандар аны кемсинткен сөзү үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Өткөн соттук отурумда Самаков менен экс-президент Курманбек Бакиев менен анын жакындарына жылуу мамиледе болгону далилденген эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши Октябрь райондук сотунда каралууда. Самаковго жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши 2015-жылы 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (AKu/КЕ)

XS
SM
MD
LG