Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Ысык-Көлдө эшек терисин саткандар камалды


Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын үч тургуну эшектерди уурдап, алардын терисин сатып жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, кармалган жарандар негизинен Тогуз-Булак айылындагы эшектерге аңчылык кылып келишкен. Алардын баш-аягы 18 эшекти уурдаганы, терисин 2,5-3,5 миңден сатып жүргөнү аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (“Мал уурулук") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жарандар убактылуу кармоо жайына камалды. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин ушундай эле факт Жалал-Абаддын Аксы районунда катталган. Жергиликтүү трургундар 25 баш эшектин жоголушу боюнча милицияга арызданып, иликтөө иштеринин натыйжасында жандыктарды уурдап, алардын терисин сатып жүргөн жарандар кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG