Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


2016-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4-чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) авто унаа жолдорун кар көчкү басып калышы ыктымал, жолдор тайгак болот, түнкүсүн муз тоңот. Тоо жолдорундагы унаалар ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек, кыймыл чектелиши зарыл.

3-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3 градус жылуу, күндүз 11…16 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -5…-10 градус суук, ал эми күндүз 2…7 градус жылуу.

3-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаашы ыктымал. Күндүз жаан жаабайт.Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус жылуу, күндүз 13…15 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG