Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Террорчулук боюнча жалган маалымат тараткандарга жаза күчөйт


Жалган маалыматтын айынан Бишкектеги ири соода борбору ишин токтотууга мажбур болду. 17-октябрь, 2013-жыл.
Жалган маалыматтын айынан Бишкектеги ири соода борбору ишин токтотууга мажбур болду. 17-октябрь, 2013-жыл.

Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык кимдир бирөө кайсы бир имаратта бомба катылып тургандыгы, жардыруу же өрттөнүп жаткандыгы тууралуу жалган маалымат берип, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратса, коомдук иш-чараны үзгүлтүккө учуратса 180ден 240 саатка чейин коомдук иштерге тартылып, 10 миңден 50 миң сомго чейин айыппул төлөйт. Ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Депутаттар бул жазаны күчөтүп, чыгымдын көлөмүнө карап айыппулдун өлчөмүн 100 миң сомдон 2,5 миллион сомго көтөрүүнү сунушташууда. Ошондой эле жалган маалымат тараткандарды 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Буга чейин Бишкектин бир нече соода борборлорунда, мечитте жана базарда жардыруучу зат бар экени маалымдалып, дээрлик бардык учурда ал жалган болуп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG