Экстремисттик материалдарды сактаган деген шек менен кармалган Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Расулов бир айга камалды. Шектүү жаран мурда соттолгон, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени жана толук эмес орто билимдүү, эч жерде иштебегендиги маалымдалууда.
Шектүү жаран кол телефонунда Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы” жана “Катибат аль-Бухари” экстремисттик-террористтик уюмдарга таандык сүрөттөрдү жана видеороликтерди сактап жүргөн.
Буга чейин бул ишти Баткен райондук соту карап Расуловду үй камагына чыгарган. 1-мартта Баткен облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, айыпталуучуну бир айга камакка алды. (КЕ)