Москванын Пресненск соту мыкаачылык менен наристе кызды өлтүргөн деген шек менен кармалган Гүлчехра Бобокулованы эки айга камакка алды.
Ал 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында жаш баланын кесилген башын көтөрүп басып жүргөн жеринен кармалган.
4-мартта Бобокуловага адам өлтүрүү, өрттөө жана теракт тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу беренелери боюнча айып тагылары күтүлүүдө.
Маалымат каражаттары, айыпталуучу психикалык жактан оорулуу экенин жана ата-энеси ошон үчүн балдарын тартып алышканын жазышууда.