Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Түркмөнстан улуттук коопсуздук министрлигине жаңы жетекчи келди


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын телеканалдарынын маалымдашынча, президент Гурбангулы Бердымухамедов улуттук коопсуздук министрлигине жаңы жетекчи дайындады.

Ал эми мурдагы министр Гуйчгелди Ходжабердиев “ден-соолугуна байланыштуу" кызматтан кеткени кабарланууда. Улуттук коопсуздук министрлигине мурда Бажы кызматын жетектеген Доврангелды Байрамов келди.

Мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашынан улам Түркмөнстанда экономикалык кризис тереңдеди. Мындан улам өткөн айларда президент Бердымухамедов айрым аткаминерлерди иштен кетирген.

Февралда президенттик администрация башчысы Палван Таганов коррупция жана тартип маселелерден улам кызматынан айрылган.

XS
SM
MD
LG