Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Дүйшөбаев Польшанын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды


Талант Дүйшөбаев
Талант Дүйшөбаев

Теги кыргызстандык, учурда Испаниянын жараны Талант Дүйшөбаев Польшанын гандбол боюнча эркектердин улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Бул тууралуу Польшанын гандбол федерациясы маалымдады. Дүйшөбаев менен келишим 2016-жылдын сентябрь айынын аягына чейин түзүлгөн. Жаңы машыктыруучуга польшалык гандболчуларды 2016-жылдагы Олимп оюндарына жана 2017-жылдагы дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алуу башкы максаттарынын бири болмокчу. Польша курамасы ушул жылы 8-апрелден 10-апрелге чейин боло турган олимпиадага лицензиялык мелдешке катышат. Былтыр польшалык оюнчулар дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынып, олимпиадага лицензия албай калышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG