Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Путин: Орусия мунай өндүрүү боюнча бир пикирге келди


Орусия президенти Владимир Путин мунай өндүрүүнүн деңгээлин кармоо боюнча өз өлкөсүндөгү ишкерлер менен макулдашканын билдирди.

“Кечээ биздеги алдыңкы мунай өндүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, жалпысынан 2016-жылы мунай өндүрүүнү январдагы ченде калтырууну макулдаштык”, - деди Путин өкмөттүк жыйында.

Сауд Арабиясы менен Орусия дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчү өлкөлөр. 16-февралда Катар жана Венесуэла өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин аталган эки өлкө мунайдын баасын кармап туруу үчүн аны өндүрүүнү январдагы деңгээлде кармап турууну сунушташкан.

Анткен менен Путин эгер башка өлкөлөр сунушту колдобосо, Орусия өндүрүштү жайлатууну улантар-улантпасын айткан жок.

XS
SM
MD
LG