Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстан менен Индия аскердик кызматташтыкты өркүндөтөт


Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча макулдашуу талкууланды. Документке былтыр июль айында Бишкекте кол коюлган. Ал парламенттин ратификациясынан кийин күчүнө кирет.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиевдин айтымында, макулдашууда кыргызстандык аскерлерди түрдүү долбоорлорго, атайын курстарга, конференция жана семинарларга катыштыруу каралган.

Эки өлкөнүн аскерий-техникалык кызматташуусу 1997-жылы башталган. Кыргызстандын коргоо мекемеси Индиядан техникалык жардам алып, аскер кызматкерлери бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуп, тажрыйба топтоп келүүдө. Былтыр Башкы штабдын госпиталына медициналык жабдуу тартууланган. (RK)

XS
SM
MD
LG