Ысык-Көл облусунун Түп району памирлик кыргыздарды кабыл алып, жайгаштырууга макул болду. Социал-демократтар партиясынын жаштар канаты памирлик боордошторду мекенине көчүрүп келүү демилгесин көтөрүп чыгып, мекеме-уюмдарга кайрылган.
Бул демилгени эл аралык “Кыргыздар” ассоциациясы колдоп, үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн каражат жагынан жардам берерин билдирди. Ал эми Түп районунун мамлекеттик администрациясы алгач беш үй-бүлөнү кабыл алууга даяр экенин айтууда.
Буга чейин Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган беш үй-бүлөнү Оштун Чоң-Алай районуна көчүрүп келүү маселеси да көтөрүлгөн. Бул үчүн ал жактан 20 гектар жер бөлүнгөнү айтылган.
Памирде 1400 кыргыз отурукташкан. Алардын 80% Ооганстандын жарандыгын алган. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, себеби аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн.
Бул күндөрү ал жакта Кыргызстандан барган атайын экспедиция иштеп жатат.(RK)