Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ысырапкорчулукка каршы талкуу өтөт

Бүгүн Бишкекте "Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт!" деген темада талкуу өтөт. Аны Кыргызстан элинин ассамблеясы уюштурууда. Улуттук китепкананын имаратында өтө турган талкууга "Кыргызстанда салт, салтанат жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө" мыйзам долбоору коюлат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын кызматкерлери, чыгармачыл адамдар, этностук коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Талкууга карата каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымга байланыштуу чыккан китептер, газета-журналдык материалдар жана макалалардын көргөзмөсү уюштурулат. (RK)

XS
SM
MD
LG