Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Москвада кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды


Москвага иш сапар менен барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев кечээ Орусия башчысы Владимир Путин менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылуусу жана мындан аркы евразиялык интеграция талкууланды.

Путин эки өлкө ортосундагы мамилеге кандайдыр бир баа берүүнүн зарылчылыгы жок деп, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Ошону менен катар ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу экономиканын, социалдык абалдын жакшырышына өбөлгө болорун кошумчалады.

“Биз мурда сүйлөшкөндөй, кызматташтыгыбызды дагы кеңейтебиз, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди Владимир Путин.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев “ортобузда ири соода-экономикалык мамиле гана эмес, биринчи кезекте биз – стратегиялык өнөктөшбүз” деди. (RK)

XS
SM
MD
LG