Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Мамлекеттик туу күнүнө карата кайрылуусунда айтылат. Мамлекет башчы чейрек кылым мурда эгемендикке ээ болгон Кыргызстан соңку кезде өз жолун тапканын, ар бир жаран өз мамлекети үчүн жоопкерчилик анын да мойнунда экенин сезип калганын белгилеген.
“Желегибизди ар дайым кастарлап, сый-урмат көрсөтүү аркылуу биз өз тарыхыбызды, ата-бабалар мурасын, көөнө маданиятыбыз менен салттарыбызды даңазалайбыз”, - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.
Кыргызстандын туусу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги. (КЕ)