Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жалал-Абадга Өзбекстандан жер семирткич келе баштады


Түштүк темир жол бекетинин шаардагы бөлүмүнө Өзбекстандан алгачкы жер семирткичтердин партиясы келди. Аны облус жетекчиси жана район акимдери тосуп алышып, азот жана карбомид жер азыктары Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун дыйкандарына таратыла баштады.

Жалпысынан Кыргызстанга 140 миң тонна жер семирткич келери күтүлүүдө. Жер жерлерде сатуу жайлары уюштурулуп, азот 16 сом 50 тыйын, карбомид 18 сом 30 тыйындан ортомчусуз сатылууда.

Быйылкы жазгы талаа жумуштарына жалпысынан 200 миң тонна жер семирткич керектелет. (RsK)

XS
SM
MD
LG