Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Баткенде Тажикстандын жараны маңзат менен кармалды


Маңзатка каршы күрөшүү кызматынан бүгүн кабарлашкандай, Баткенде Тажикстандын жараны ооган маңзаты менен кармалды.

1-мартта жүргүзүлгөн атайын операциянын учурунда Жеңиш айылында “Опель Вектра” автоунаасы токтотулган. Машинадан 4 миллион сомдук 36 килограмм гашиш табылды. Текшерүүдө айдоочу Тажикстандын ИИМ кызматкери экени аныкталды. Аны менен бирге Дүйшөмбү шаарынын тургуну кармалды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар камалды. Тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG