Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Чет өлкөдөн келген жарандарды тил сынагынан өткөрүү сунушталды


Кыргызстанга атайын квота менен келип иштеген чет өлкөлүк жарандар кыргыз тилинен сынак тапшырышы керек. Мындай сунушун бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. Ал Орусияга иштөөгө барган мигранттар тил жана тарыхтан сынак тапшырарын мисал келтирип, Кыргызстандын жарандыгын алгысы келген же жашоого уруксат алган башка өлкөнүн жарандарына да ушундай талап коюлушу зарыл экендигин белгиледи.

Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк мигранттардын 70 пайыздан ашууну Кытайдын жарандары. Андан кийинки орунда Түркия, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат. Коррупция боюнча координациялык кеңештин жыйынында айрым чет элдиктер өлкөгө кирүүнүн мыйзамсыз жолун тандап, тиешелүү документ жасап берчү жана укук коргоо органдарына 1,5 миң доллардын тегерегинде акча беришери айтылган.

2015-жылдан тарта Орусияда чет элдик жарандарды тескеген мыйзамдар өзгөртүлгөн. Аларга ылайык, эмгек мигранты жумушка уруксат берүүчү патент алуу үчүн орус тили, тарыхы жана мыйзамдар боюнча тест тапшырышы керек. Мындай тажрыйба айрым өнүккөн өлкөлөрдө да колдонулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG