Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Обама Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты


Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама.
Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Украинадагы окуяларга байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартты.

Ак үй шаршемби күнү тараткан баяндамада “Украинада демократиялык жараяндарды жана институттарды кыйратууга аракет кылып жаткандардын аракети жана саясаты мамлекеттин тынчтыгына, коопсуздугуна, эгемендик менен аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип жатканы” айтылат. Андан сырткары, бул жагдай АКШнын улуттук коопсуздугу менен тышкы саясатына да коркунуч туудурганы белгиленет.

Буга байланыштуу АКШ президенти 2014-жылы кол койгон буйрук менен Орусияга киргизилген санкциялардын режимин 2017-жылдын 6-мартына чейин узартуу чечимин кабыл алды. (SE)

XS
SM
MD
LG